Жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү башталды

Ысык сууну берүүнүн токтотулушу менен, "Бишкек жылуулук энергия" ишканасы турак-жай үйлөрүнө келерки 2019-2020-жж.. жылуулук берүүчү мезгилине даярдык көрүүнү баштады. Бул жөнүндө Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын жылуулук берүүчү казандарынан энергия алуучу турак-жай үйлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө келерки жылуулук сезонуна карата 102 турак-жай үйү даярдыктан өттү.

"Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын карамагында баардыгы болуп 610 турак-жай үйү бар. Жылуулук берүү мезгилинде жылуулукту алуучу абоненттердин саны 34 миң 645 адамга жетет.

Борборубуздун негизги бөлүгүн жылуулук жана ысык суу менен Улуттук энергохолдингдин кичи компаниясы "Бишкек жылуулук тармагы" ААК камсыз кылат жана ал тарабынан Бишкек шаары боюнча 1934 турак-жай үйү тейленет.

Урматтуу шаардыктар! Баардык тиешелүү маселелер боюнча "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын төмөнкү телефону боюнча кайрылсаңар болот: (0312) 212 -906.

"Бишкек жылуулук тармагы" ААК маалымат кызматы 1980.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД