Кайненесине бычак сайган күйөө баласы кармалды

2019-жылы 22-апрелде саат 10.00. чамасында Сокулук районунун ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө Чүй облусунун тургуну бычактан алган жаракаты менен жаткырылганы кабарланган.

Окуя болгон жерге Сокулук РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барганында, жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, тезинен операция жасоо керек болгондуктан, андан көрсөтмө алууга мүмкүн болгон эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан жабырлануучу аялдын өздүгү такталып, ал Сокулук районундагы Новопавловка айылынын 54 жаштагы тургуну Р.Б. болуп чыкты.

Аталган факт "Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү ресстринде" катталып, окуяны иликтөө боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. Жабырлануучу эсине келгенден кийин, ал тергөө органдары тарабынан суралган. Анын жыйынтыгында аталган кылмышты аялдын күйөө баласы жасагандыгы маалым болгон. 2019-жылы 22-апрелде эртең менен күйөө баласы аны эч себепсиз эле курсак тарабына бычак сайып жиберген, андан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү Сокулук районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 33 жаштагы К.У. кармалган.

Учурда окуянын жагдайлары иликтенип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алынган материалдар боюнча сотко чейинки иш чаралар улантылууда. Бул жөнүндө Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД