Москвадагы авиа кырсыгынан 40 адам каза болду

5-май күнү кечинде Москва - Мурманск багыты боюнча аба каттамын аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн Superjet 100 учагы жарым сааттан кийин "Шереметьево" аэропортуна авариялык конуу жасаган. Ал москвалык убакыт боюнча саат 18.03тө асманга көтөрүлүп, 18.25те учукучтар авариялык конуу болоорун кабарлашкан. Андан бир нече мүнөт өткөндөн кийин учак жерге конууга мажбур болгон. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган.

Азыркы убакта кырсыктын келип чыгышы жана учкучтар учакты кайра кайрып бурганынын себеби так аныктала элек. Ошону менен бирге эле асманда учакка чагылган тийип, анын системасынын бир бөлүгү иштебей калгандыгы да айтылууда. Бирок көптөгөн видеожазууларда жана күбөлөрдүн айтуусунда көрүнүп тургандай, конуу учурунда самолёт жерге катуу урунганда анын сыныктары кыймылдаткычка түшүп, жалын тутанган.

ММК маалыматтарына ылайык, учакта жалпысынан 78 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон, Саламаттыкты сактоо министрлиги 40 жүргүнчү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады.

Учакка ээлик кылган "Аэрофлот" авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 экипаж мүчөсүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж мүчөсү, анын ичинде учкучтар аман калышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД