Санкт-Петербургда кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды.

Аталган кылмыш ишине шектелип Россиянын тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, буга чейин да анын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдын денеси 3-майда Санк-Петербург шаарынын Яковлев көчөсүнөн табылып, өздүгү аныкталгандан кийин, ал Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. болуп чыккан.

Кыргызстандын ИИМ басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектелген жаран менен жабыр тартуучунун ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен тиги жаран кыргызстандыктын башына бир нече ирет ургулаган. Алынган жаракаттын айынан, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Ошол эле күнү кечинде шектелген жаран кармалып, убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Учурда каза болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД