Тууганы унаага байлап алып сүйрөгөн бала апасы менен жолугушту

Тайкеси унаага байлап алып сүйрөгөн 9 жаштагы баланын апасы бүгүн, 2-майда эртең менен Россиядан Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда баланын апасы Биринчи май РИИБнын тергөөчүсү жана Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев менен жолугушту.

Акыйткачынын аппаратынын кызматкерлери баланы ооруканандан чыгарышкандан кийин, ага зомбулук көрсөткөн туугандары, 32 жаштагы тайкеси тараптан психологиялык басым жасалбашы үчүн алар менен бирге жашабаганы туура болоору жөнүндө апасына кеңеш беришти.

Ал эми баланын апасы апасы Б.П. кесиби боюнча педагог, жогорку билимдүү, адистиги - чет тилчи мугалим. Учурда Москва шаарында окуучуларга репетитор болуп эмгектенет. Анын айтымында, эс алуу каникулу башталары менен уулун Россияга алып кетет. Баланы кароого, окутууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кызматкерлер баланын энеси жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу ооруканага барып, баладан кабар алышты. Ошондой эле алар мигрант энеге инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү эскертишти.

2017-жылдан бери Акыйкатчы институту тарабынан мигранттардын балдарына карата зомбулук маселелери иликтөөгө алынган. Анын натыйжасы көрсөткөндөй, мындай учурларда туугандар жарашып алышып, зомбулук көрсөткөн адам жазасыз калган учурлар бар. Бул мисалда болгон окуя тууралуу бүт дүйнө билет, иш соттук териштирүүгө жетиши керек. Ал мисал башкалар үчүн сабак болуп, балага кол көтөрүүгө жол берилбеши керек", - деди Е.Алимбаев.

"Баланын укугун коргоочулар лигасынын" Коомдук фонду соцтармактардагы өз баракчасында кабарлагандай, баланын апасы аны менен ооруканада жолугушту.

-Бала өтө кубанычта болууда. Үч күн уктабай келген апасы азыр маек бере албай тургандыгын айтып суранды. Ал баардык тиешелүү маалыматтарды укук коргоо органдарына, Акыйкатчыга жана Социалдык коргоо институттарына берген. Азыр болгон убактысын баласына арнай тургандыгын билдирди, - деп белгилешти КФ өкүлдөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД