Жалал-Абаддагы нефтебазада өрт чыкты

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан өрт чыкты. Бул кырсыктын чыгышын социалдык тармактардын колдонуучулары видеого тартып жарыялашууда.

Өрттүн кайсы жерде чыккандыгы азырынча белгисиз, кадр артындагы үндөр ар кандай божомолдор тууралуу айтууда. Алардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевге тиешелүү болгон "Томас" нефтебазасы десе, калгандары "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик комапниясы деп билдиришүүдө.

Өрттү өчүрүүгө алгач жалпы 3 бөлүм тартылган, азыркы убакта 7 өрт өчүрүүчү бөлүм иш аткарууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД