Кыргызстандык мигранттар чоң энеге болушуп мушташа кетишти

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана россиялык жигиттердин ортосунда мушташ чыкты. Социалдык тармактарда Россиядагы белгилүү "Сталингулаг" аккаунту окуянын видеосун жарыялаган.

-Санкт-Петербургда кыргыздар чоң энеге болушушту. Славян түспөлүндөгү эки жигит ага көчөдөгү отургучтан орун берүүдөн баш тарткан. Чынында эле кадрдан колуна эки чоң баштык көтөргөн улгайган аялды көрүүгө болот. Жыйынтыгында баары уруш, мушташ менен аяктады", - деп жазган аталган аккаунт.

Аккаунттун катталуучуларынын көпчүлүгү кыргызстандыктарды колдоп, аларга ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД