Россиялык белгилүү журналист жол кырсыгынан каза болду

"Москва сүйлөйт" радиостанциясынын башкы редактору, журналист Сергей Доренко жол кырсыктан кийин көз жумду.

Россиялык ММК маалыматы боюнча, Доренко мотоцикл башкарып бара жатканда жүрөк оорусу кармап, жолдун четиндеги бетон тосмого урунган. Жолдогу адамдар тез жардам кызматын чакырып, бирок дарыгерлер журналисттин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Сергей Доренко 59 жашта болгон. Телевидениеде 1985-жылдан баштап иштей баштаган. 2014-жылы "Москва сүйлөйт" радиостанциясынын башкы редакторлугуна дайындалган. Буга чейин "Русская служба новостей" радиостанциясын жетектеген. 1996-жылдан тарта 2000-жылга чейин Россиянын Коомдук телевидениесинде эмгектенген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД