Кантта камактагы адамдын асынган денеси табылды

Бүгүн, 10-майда, саат 06:50 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Кант шаарындагы убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан кишинин асынып турган денеси табылды. Ал небересине сексуалдык аракеттерди жасоого шектелип кармалганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

7-май күнү Киргшелк айылынын 24 жаштагы Р.Е. (аял киши) арыз менен кайрылып, атасы анын кичинекей кызына сексуалдык аракеттерди жасаганын билдирип, райондук ИИБ кайрылган. Бул факт КР Жазык кодексиндеги 162-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип жабырлануучу кыздын таятасы - 55 жаштагы Р.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, 2017-жылдан бери кызы жумуштан келгенге чейин анын балдарын карап жүргөнүн билдирген. Шектүү ушул жылдын апрель айынан тарта улуу небереси менен интимдик темада сүйлөшүп, ага порнографиялык тасмаларды көрсөтүп, бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаганын айткан.

8-майда Ысык-Ата райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылган. Бүгүн эртең менен анын асынган денеси камак бөлмөсүнөн табылып, окуя болгон жерди кароо учурунда өлүм алдындагы кат калтырылган. Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анда маркум жакындарынан кечирим сураган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД