Жаракат алган 2 жашар кыз жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди

Жалал-Абад облусунун ИИБ кызматкерлери кандай себептерден улам 2 жашар кыз жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилишинин себептерин аныктоодо.

Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, кичинекей кызды ооруканага 7-майда алып келишкен. Дарыгерлер аны ооруканага жаткыргандан кийин, милицияга кабарлашкан.

-Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кыздын чоң энеси берген алдын ала маалыматтарга караганда, небереси 1-май күнү шатыдан кулап жыгылган. Бир жумадан кийин анын ахыбалы начарлап кеткенине байланыштуу, дароо ооруканага алып келишкен, - деп VB.KG редакциясына Жалал-Абад ОИИБ кызматкерлери билдиришти.

Азырынча окуянын негизги жоромолу катары – кырсыктын айынан болгондугу эсептелүүдө. Бирок, акыркы жыйынтыктар экспертизанын корутундусунан кийин чыгарылмакчы.

Учурда наристе кыздын абалы оор бойдон, жандандыруу бөлүмүндө калууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД