Бүгүн кыргыз сомунун колдонууга киргизилишине 26 болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги – сомдун колдонууга киргизилишине 26 жыл болду.

1993-жылы 10-майда улуттук акча бирдиги – сом Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты катары расмий колдонууга киргизилген. Кыргыз сому менен бирге рублдердин колдонулушу 5 күн аралыгында – 1993-жылдын 10-майынан 14-майга чейин мүмкүн болгон.

1993-жылдын 14-майынан тарта сом Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө жалгыз төлөм каражаты болуп калган.

Эгемендүү өлкөнүн улуттук акчасын киргизүүсү, өзүнчө экономикалык саясатты жана Улуттук банктын өз алдынча акча-насыят саясатын жүргүзүүсүнө шарт түздү.

Ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун негизги көрсөткүчү катары, сатып алуу мүмкүндүгү жана улуттук акча бирдигинин баасынын туруктуулугу болуп эсептелет. 26 жыл ичинде экономикадагы убактылуу толкундоолорго жана өлкөнүн саясий түрүнө карабастан, кыргыз сому өзүнүн жарамдуулугун жана улуттук акча бирдигинин туруктуулугун далилдөөгө жетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД