Өрт чыккан жерден 2 миңге жакын адам эвакуацияланды

Жалал-Абаддагы нефтебазада чыккан өрткө байланыштуу, ал жерге жакын жашаган 2 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулардын маалыматы боюнча, өрт чыккан жерде 10 өрт өчүрүүчү машина жана эки шаты менен ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет кылышууда. Андан сырткары Ош облусунун өрт өчүрүүчүлөрү кошумча бул ишке тартылып, алар сууну жана көбүктү чачышууда.

-Нефтебазага жакын жерде жашаган 2 миңге жакын адам эвакуацияланды. Өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Окуя болуп жаткан жердеги абал Жалал-Абад облусунун КР ӨКМ алдындагы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абулнасир Закировдун көзөмөлүнө алынган. КР ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов кризис борборунун башкармалыгы аркылуу абалга көз салууда, - деп кабарлашты ӨКМ кызматкерлери.

Мындан тышкары өрттөн жапа чеккендер жөнүндө да маалыматтар келип түшүүдө. ӨКМ куткаруучулары 1995-жылы туулган жарандын өрткө чалдыгып, "Тез жардам" машинасы ооруканага алып кеткендигин кабарласа, Жала-Абад шаарынын мэриясы эки жарандын жабыр тарткандыгын билдирди. Айрым маалыматтар боюнча, жапа чеккендердин бири өрт өчүрүүчү кызматкер болгон. ӨКМ бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 10 чамасында Жалал-Абаддагы нефтебазада өрт чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт "Томас" компаниясынын аймагында башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД