Матраимов ооруканага жаткырылды

Искендер Матраимов ооруканага жаткырылды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матримовдун агасы жана парламенттин депутаты өзү айтып берди.

-Үч күндөн бери кан басымым бирде көтөрүлүп, бирде ылдыйлап жатат, азыр түшүндүрмө бере албайм. Капельница куйдуруп атам, - деди Искендер Исмаилович. Бирок, ал коомчулукту кызыктырган баардык суроолорго кийинчерээк жооп бере тургандыгын убада кылды.

Райымбек Матраимов болсо, "Азаттык" аркылуу белгисиз бирөөлөр Матраимовдор 700 млн доллардын Кыргызстандан чыгарылып кетишкендиги жөнүндөгү имиштер боюнча материалдарды "ачыктагандан" кийин, ММК менен байланышка чыккан жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД