Бийликтегилердин кайырчыларга күчү жетпей жатабы?

Бийликтегилердин кайырчыларга күчү жетпей жатабы?

Шаарыбыздын автоунаалар жүрүүчү жолдорунда турган кайырчылар бишкектик айдоочуларга тоскоолдук кылышууда. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирээри менен жолдордогу абал мурдагыдан да начарлап кетти – айдоочулар жолдордо турган кайырчылардын айынан да жолдо жүрүү эрежелерин бузууга мажбур болушууда.

"Эми айдоочулар көчөлөрдүн кесилишине турган кайырчылардын айынан жапа чегиши керекпи? Айдоочулар кайырчылардын айынан жолдо жүрүү эрежесин бузуп жатканы МАИ кызматкерлерин ойлондуруп да койбойт. Мисалы, Горький жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде баласын көтөрүп алып, кайыр сурап турган аялды "Коопсуз шаар" долбоору алкагында орнотулган видеокамерадан көрүүгө болот, - деп Facebook колдонуучусу Егор Игнатенко жазып жиберген.

Ал эми ЖКККББ кызматкерлери VB.KG редакциясына айтканына караганда, кайырчылар күч органдарынын өкүлдөрүн көрөөрү менен качып кетишет.

-Алардын көпчүлүгүнүн документтери жок болгондуктан, аларга карата штраф салуу да мүмкүн эмес. Адатта ЖКККББ кызматкерлери аларды кармагандан кийин, ИИББнын кызматкерлерине өткөрүп беришет, - деп түшүндүрмө беришти ЖКККББ басма сөз кызматындагылар.

Шаардык милициянын басма сөз кызматында ырасташкандай, күч органдарынын кызматкерлери кайырчыларды күн сайын кармап турушат, бирок, алардын баардыгын шаардын көчөлөрүнөн алып салуу мүмкүн эмес.

-Бул маселе боюнча такыр эле иш жүрбөй жатат деп айтуу туура эмес. Милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, кайырчыларды кармап, РИИ бөлүмүнө жеткирип, алардын өздүктөрүн аныкташат. Эгер мындай жарандардын документтери жок болуп жана башка мамлекеттин жараны экендиги такталса, социалдык жана миграциялык кызматтарга кайрылабыз, мындай иштерге мэрия да жардамдашып турат. Баардык эле кайырчылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анан коё беребиз. Кыргызстанда кайырчыларды жоопко тартуу боюнча мыйзам жок, ошондуктан биз аларга каршы жаза колдоно албайбыз, - деп Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы VB/KG редакциясына түшүндүрмө берди.

Ошондой эле шаардык милиция кызматкерлери, эгер кайырчылар коомдук тартипти бузуп – таштандыларды ыргытса, түкүрүнсө, уруксат берилбеген жерде тамеки чегишсе - мыйзамга ылайык жоопко тартышаарын белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД