Индия Кыргызстанга куралдануу боюнча 100 млн доллар жардам береби?

Индия Кыргызстанга коргонуу техникасы үчүн насыя берет. Бул жөнүндө булактарга таянуу менен индиялык The Economic Times басмасы билдирди. Бул гезит келишим суммасы 100 млн долларга жетиши мүмкүн деп эсептейт.

Мындай жаңылык Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Индияга боло турган иш сапарынын алдында жарыяланды.

-Эки өлкөнүнү эки тараптуу байланышы азыр өнүгүүдө. Борбордук Азиядагы республика биргеликте өткөрүлүүчү аскердик машыгуулар менен чектелген стратегиялык мамиленин алкагынан чыгуу менен, Индиядан коргонуу техникасын алуу талабын билдирген. Индия Кыргызстанга коргонуу жабдыктары боюнча насыя берүүсү мүмкүн, булактар бул үчүн сумма 100 миллион долларга жете тургандыгын көрсөтүшүүдө, - деп жазат The Economic Times.

Бул басманын маалыматы боюнча, Кыргызстан негизинен россиялык өндүрүштөн чыгарылган аскердик күчүн жаңыртуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөдө. Мурда Кыргызстандан барган аскердик топ сунуш берилген коргонуу системалар менен таанышуу үчүн Индиядагы жеке аскердик заводдоруна барган.

Эске салсак, кече жакында, 30-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышты. Ушул эле күнү Кыргызстандын жетекчиси Нарендра Мони менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР президентинин аппаратынын маалыматы боюнча, тараптардын учурашуусунан кийин Сооронбай Жээнбеков Нарендра Монини шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, аны расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Индия өкмөтүнүн башчысы өз кезегинде Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД