Москвада эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын май айынын биринчи жарымында Россия Федерациясындагы КР ТИМ өкүлчүлүгү жана Россия аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында Москва шаарынын аймагынан өз мекенинде кылмыш жасап, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды.

Кармалгандардын бири, 1988-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган С. Х. КР Жазык кодексинин 30, 204 беренелери (Контрабанда) жана 247 беренеси (Баңги заттарын сатуу) боюнча кылмышка шектелип, укук коргоо органдары тарабынан 2015-жылы издөө салынган.

Экинчи кармалган жаран 1984-жылы туулган Д.С. 2015-жылы июль айынын 2016-жылы декабрь айына чейин ЖЧКны жетектеп жүрүп, салык жана ири өлчөмдөгү милдеттүү камсыздоо взносторун төлөгөндөн качып жүргөндүктөн, КР Жазык кодексинин 203-беренеси (Жасалма ишкерлик) боюнча укук коргоо органдары тарабынан издөө салынган. Учурда ЖЧКнын салык төлөө боюнча карызы 3 000 000 сомду түзгөн.

Кылмышка шектелген бул жарандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда, - деп КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД