УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

УКМКнын басма сөз кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкага кеткенин жарыялады.

Идрис Кадыркуловдун билдирүүсүндө: "Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында УКМКнын органдары тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспортторго бланк сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки материалдар объективдүү каралбай жатканы жана менин бул ишке кызыкчылыгым бар экени тууралуу айтылып, катуу талкууланып жатат. Мамлекеттик комитет тарабынан аталган материалдар, Мамкаттоонун кызматкерлери тарабынан кызматын мыйзамсыз колдонгону боюнча далилдер базасы бар экени тууралуу бир нече жолу маалымат берилген. Муну менен катар эле аталган тема коомчулукта абдан талкууга алынды.

Аталган жагдайларды, анын ичинде коомдук резонансты эске алуу менен, ошондой эле менин тергөөгө таасирим тууралуу ойлорду жок кылуу үчүн УКМКнын төрагасы кызматынан отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Бул тууралуу президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысына рапорт берилди", - деп айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД