Кылмыштуу топтун башында турган милиция кызматкерлери кармалды

И

2019-жылы 30-майда УКМК кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүсү учурунда, Чүй облусунун аймагында 12 калибрдеги мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери - милициянын лейтенанты К.К. жана Чүй облусунун Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары - милициянын подполковниги К.Р. колго түштү.

Кармоо учурунда К.К "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаасы менен качып кетүүгө аракет жасап, анын кесепетинен ыкчам топтун унаасы менен кагышкан.

Кылмыштуу топту К.Р. уюштуруп, алар калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божол менен 5 млн доллар) аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну пландап жатышкандыгы аныкталды.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексиндеги 321-беренеде (Бийликтен аша чабуу) каралган кылмыш белгилери боюнча катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД