Жаш жигит менен өспүрүм кыздын бакта асылган денеси табылды

Чүйдөгү Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы 25-майда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан адамдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүш иетринин жүрүшүндө маркумдардын өздүгү такталып, бири - Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы М.Ш., экинчиси - Нарындагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Д.А. экени белгилүү болгон.

Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын себебин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди. Баардык тиешелүү экспертизалар даяралып, сотко чейинки өндүрүү иштери улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД