Мас абалында чатак чыгарган ЖАМК кызматкери жумушунан бошотулду

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда мас абалда чатак чыгарган МЖАКтын кызматкери иштен айдалды. Бул тууралуу МЖАКтан билдиришти.

МЖАКтын ички иликтөө кызматы тарабынан ММКларда жарыяланган чуулгандуу видеоматериалындагы "ЖАМК тын кызматкери мас абалында айдоочуну коркутууда" факт боюнча иликтөө ишин аяктады.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө № 27 түзөтүү колониясынын жетекчсинин орун басары Азиз Кожокмтовдун күнөөсү толугу менен далилденип, ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД