Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, бир жаран жабыркады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдиргендей, 2019-жылы 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында, Оштогу Араван районунун Тогуз-Булак аймагында курал колдонулган окуя болуп өттү.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын чек ара кезмети чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын байкаган. Айдоочулар унааларды токтотуу талабына көңүл бурбай, кыргызстандык чек арачылар асманга эскертүү үчүн ок атышкан. Эскертүүгө карабай, унаалар жолун улап бара жатканда чек ара кезмети унаанын дөңгөлөгүнө карай ок чыгарууга аргасыз болгон. Анын кесепетинен Өзбекстандын жараны жаракат алып, Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя боюнча тез арада Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - чек ара аскерлеринин кол башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү учурунда биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан жерге чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечими кабыл алынды.

Учурда жагдайды аныктоо максатында Ош облусу боюнча чек ара кызматынын өкүлү менен Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлүнүн жолугушуусу өтүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД