Т. Акун тергөөчүлөрдү президентти оңтойсуз абалда калтырбоого чакырды

Аида Саляновага карата укук коргоо органдары чоң катачылык кетирип жатышат. Экс-омбудсман Турсунбек Акун мындай пикирин VB.KG редакциясына билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, Атамбаев сотторду жана ММКны көзөмөлгө алып турган, ал эми Сооронбай Жээнбеков баардыгын мыйзам жүзүндө гана иш алып барууга чакырууда.

-Ал баардыгына, анын ичинен сотторго, укук коргоо органдарына жана журналисттерге да эркиндикти берди, бирок, бул президентти оңтойсуз абалда калтыруу дегендикти билдирбейт. Алардын жүргүзгөн иштеринин кесепети барып президенттин дарегине тийүүдө. Соттордун жана башкы прокуратуранын өкүлдөрү чечим чыгаруу алдында анын кесепети кандай болоору жана президенттин аброю жөнүндө ойлонушу зарыл. Аида Салянованын кичинекей кызы бар, сот муну эске алып, үй камагына чыгаруу менен чектелсе туура болмок. Мен Салянованын күнөөсү жок деп да айта албайм. Ал башкы прокурор кызматында иштебеди беле, сот адилеттиги боюнча мамлекетте экинчи адам катары да айтсак болот, - деп белгиледи ал.

Мурдагы акыйкатчы ИИМде көп сааттык сурактан кийин ооруканага жаткырылган ЖАМКнын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев жөнүндө да өз оюн айтып берди.

-Ал азыр ооруканада жатат, ага карата да гумандуураак мамиле жасоо керек. Ал дагы министр болуп иштеген, азыр Жогорку Кеңештин депутаты. Ал өлкөдөн чет жакка качып кетпейт. Камакка алууну башкы максат кылып алуу жарабайт. Азыр тергөөчүлөр алдында турган башкы маселе – бул иш боюнча баардык маалыматтарды чогултуу, - деп толуктады ал.

Эске салсак, кримавторитет Азиз Батукаев узак убакытка түрмөгө камалган жана жаза мөөнөтүн Нарындагы колонияда өткөрүп жүргөн. 2013-жылы сот Батукаевди катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу деп бошотуп жиберген. Криминалдык авторитет ошол эле күнү учакка түшүп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 2014-жылы Батукаевдин качып кетиши боюнча жүргүзүлгөн тергөө иши, ага шектелгендердин арасында өлкөнүн жогорку кызматында иштеген адамдар болгондугуна карабастан, жыйынтык бербегендигине байланыштуу токтотулган.

2019-жылы иликтөө иштерикайрадан жандандырылган. Бул кылмыш иши боюнча дарыгерлер, ЖАМК экс-жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов (кийин ал үй камагына чыгарылды) жана экс-башкы прокурор Аида Салянова камакка алынышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД