ЖЖЭ бузууда штрафты азайтуу маселеси боюнча жумушчу тобу түзүлдү

Кыргызстандын өкмөтү ЖЖЭ бузууда штрафты азайтуу маселеси боюнча жумушчу топту түзүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилди. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына бул топтун мүчөсү, "Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, өкмөт айдоочулардын жана активисттердин сын пикирине көңүлүн буруу менен, ушундай кадамга барууга мажбур болду.

-Эч болбоду дегенде, ИИМ өкүлдөрү жана депутаттар штрафтардын айрым категориялары боюнча анын өлчөмдөрүн азайтууга макул болушту. Азыр биз штрафты азайтуу жана анын шарттары кандай болоору тууралуу талкуулоо жүргүзөбүз. Анткени штрафтын өлчөмүнүн өзү азайтылбагандыктан, анын убактылуу факторлору жана пайыздарын азайтуу мүмкүндүгү талкууланат болуш керек. Мисалы, айрым депутаттар эгер айдоочу 10 күн ичинде штраф төлөп берүүгө даяр болсо, анын 25 пайызын гана төлөй тургандыгын сунушташууда. Андан тышкары дагы биз талкуулай турган ар кандай айырмалыктар бар, - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 20-майында Бишкекте ЖЖЭ бузууда штрафты азайтуу боюнча айдоочулардын флэш-мобу өткөрүлгөн. Айдоочулар борборубуздун көчөлөрү аркылуу Бишкектин мэриясына чейин автоунаалар менен жүрүш уюштурушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД