Аида Салянованы карамагында иштеген Акматалиев жаман аттуу кылууда

Мурдагы спецпрокурор Майрамбек Акматалиев өзү эркиндикке чыгуу үчүн экс-башкы прокурор Аида Салянованы жаман аттуу кылууда. Бул жөнүндө пресс-конференцияда Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуусу боюнча эч кандай чечим чыгарган эмес.

-Аида Саляновага каршы көрсөтмөнү мурдагы спецпрокурор Майрамбек Акматалиев берген. Бирок анын көрсөтмөлөрү жалган жана бири-бирине карама-каршы келет. Ал өз көрсөтмөлөрүн эч бир далилдей алган жок жана анын ордуна негизинен жактоочусу жооп берип жатты, - деди ал.

Эске салсак, экс-башкы прокурор, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Аида Салянова 2013-жылы "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Учурда ал № 1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД