Чүй облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Өкмөттүн Чүй облусундагы жаңы жетекчилик кызматына Намазалиев Алтынбек Абдысаламович дайындалды. Ал буга чейин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп эмгектенип келген.

Алтынбек Намазалиев кече күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматынан алынган Туйгунаалы Абдраимовдун ордун ээледи.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Туйгунаалы Абдраимов иштеп келген. Ал Чүй облусуна караштуу Орок айылындагы окуя маалында журналисттин суроосуна "жүзүңүз жакпайт" деп жооп брегендиги үчүн коомчулуктун сынына кабылган.

Дагы бир буйрукка ылайык, Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД