Кыргызстандын эмгек мигранттарына Россиядан пенсия берилеби?

Россия ЕАЭБ мүчө Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн мигранттарына пенсия төлөп берет. ЕАЭБ алкагында Пенсия менен камсыз кылуу боюнча мындай макулдашууга кол койуу даядалууда. Бул жөнүндө россиялык ММК билдиришти.

Учурда тиешелүү документтердин пакети РФ өкмөтүнүн Эксперттик кеңешинин кароосуна жиберилген. Мындай макулдашууну ратификациялоо 2019-жылга пландаштырылып жатат.

Бул документке ылайык, мигрант иштеп жана Пенсиялык фондго төлөм жасап турган өлкө, ал мекенине кайтып келгенден кийин, пенсионер ЕАЭБ башка өлкөсүнө которулуп кеткен учурунда да пенсия төлөп турат. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында алган эмгек стажы кошулуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Макулдашуу күчүнө киргенге чейинки мезгил, арткы число менен эмгек ишкердиги катары эсептелбейт.

Маалымат үчүн: Россияда 600 миңден 800 миңге чейин Кыргызстандын жарандары эмгектенишет. Азыр мигранттар РФ Пенсиялык фондуна төлөм жасаганы менен, пенсия алышпайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД