Балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыз дарыланууга муктаж болууда

Балдар үйүндө тарбияланып жаткан Сажида Баженова оор илдетке чалдыкканына байланыштуу тезинен дарыланууга муктаж болууда. Ага жардам көрсөтүү өтүнүчүн "Диабетсиз балалык" коомдук уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева соцтармактарга жарыялады.

Анын айтымында, 14 жаштагы кыз сейрек кездешүүчү жана катуу оорудан (идиопатическая легочная артериальная гипертензия) жабыр тартууда. Эгер убагы менен дары ичип дарыланса бул оорудан айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок, дары ичпей жана дарыгердин жардамы жок сакайып кетүү кыйын.

Анын үстүнө кызды дарылоого керектүү медициналык жабдык НЦОМиД балдар кардиологиялык бөлүмүндө жок. Кече күнү Сажиданы дарыгерлер көз салып жана тез жардам берип турушу үчүн, чоң кишилер жатуучу бөлүмгө жаткырышты. Азыр дарыгерлерде алгачкы жардамды көрсөтүүчү дары-дармектер бар, бирок, кийинки дарылоону улантуу үчүн Кыргызстанда жок баасы кымбат дарылар талап кылынат.

Сажиданын ата-энеси жана туугандары жок, алар болгонунда мүмкүн керектүү дары-дармектерди сатып бермек. Саламаттык сактоо министрлигинде, Балдар үйүндө, социалдык жактан коргоо кызматында да акча каражаттары жетишсиз.

Бул кызга жардам берип жаткан Нурхан Жумабаева баардык кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылат. Анткени Сажидага дары-дармектерди сатып алуу үчүн айына 1 500 доллар талап кылынууда.

Мындан тышкары активистка жардам берүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумагуловго да кайрылган.

GoFundMe: gf. me/u/s6rn5y

Элсом: 0779179617

Optima Bank

БИК: 109012

109122000120143

Воробьева Кристина Ал.

KISB 1280026052552876

Абдуллаева Зарнигар Марленовна

БИК 128002


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД