Депутат Мусабекова: Мен элитанын катарына кирбейм

КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова парламенттеги кесиптешинен айырмаланып, өзүн элита катары эсептебейт. Бул жөнүндө ал соцтармактагы өз баракчасына жазган.

Мунун баардыгы Интернет колдонуучуларынын соцтармактарда депутаттын орой сөздөрдү көп колдоно тургандыгын күнөөлөп чыгышкандыгына жооп бергенинен башталган.

"Айнанайындар, эс алгыла, мен элита да эмесмин, этикеткам да жок, эстетиканы да билбейм, талаада тер төгүп иштеген карапайым комбайнчынын эле кызымын. Энемин курсагынан сөгүнүп эле түшкөм. Эх, сынтаккан сынчы сөрөйлөр силер эмнени билесиңер? Мен кандай жолду басып өткөнүмдү жон териңер менен да сезе албасаңар керек!", - деп жооп берген аларга.

Ошону менен бирге эле өзүнүн ниети таза, уйкусу да тынч экендигин кошумчалады.

"Мамлекетти уурдап, тонободум, жер сатпадым, эл сатпадым, дүйнө жыйбадым, жада калса жөнөкөй эле алтын саатым да жок. Ары, бери жүгүрүп пайда да тапкым келбейт, элге окшоп үй бүлө бузуп, алды алты, арты төрт эрге тийип анан өзүн иттей маданияттуу, адабияттуу да көргөзгөндөрдөн бир топ өйдө турам", - деп белгиледи ал.

Эске салсак, бүгүн парламентте депутат Кожобек Рыспаевдин өзүн жана кесиптештерин "элдин каймагыбыз" деген билдирүүсү, көпчүлүк кыргызстандыктар тарабынан анын дарегине бир топ сын-пикирлердин айтылышына алып келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД