Жогорку Кеңештин VI чакырылышы эмнеси менен эсте калат болду экен?

Интернет колдонуучулары парламентти таркатуу боюнча кол топтоону башташты. Мындай өтүнүч (петиция) кече жакында, 13-июнда башталды.

-Учурунда Кыргызстанда "легендарлуу парламент", андан кийин "чөнтөк" парламент болгон. Бирок, азыркыдай "чимкирик" Жогорку Кеңеште эч качан болгон эмес. Эми эл өз кийимин мындай "чимкириктен" тазалоо убактысы келди окшойт", - деп жазылган өтүнүч текстинде.

Парламентти таркатуу талабы боюнча азыр 400дөн ашык кол топтолду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар тарабынан интернет аркылуу добуш берилген элдик демилгелер каралбайт. Аида Касымалиева интернет-добуштарга юридикалык күч берүүнү сунуштаган, бирок, аны кесиптештери колдогон эмес.

Жогорку Кеңешке каршы өтүнүч депутат Кожобек Рыспаевдин парламент депутаттары "чимкирик" эмес, элитабыз деп айтканына жооп катары пайда болду. Депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин митингде сүйлөп, парламенттин VI чакырылышындагы депутаттарды "чимкирик" деп айтканына карата пикирин билдирген.

Депутаттар билдирүү менен гана чектелбестен, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып жана кылмыш жоопкерлигине тартуу боюнча ишти баштоо үчүн комиссияны да түзүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД