Кыргызстандыктардын катышуусу менен өткөрүлүүчү спорттук мелдештер

13-17-июнь. ITF таэкиондосу боюнча Евразиянын биринчилиги. Фергана (Өзбекстан)

Кыргызстандан Керимбек Мияров жетектеген федерациянын спортчулары катышат.

13-18-июнь. Фехтование боюнча Азиянын биринчилиги. Токио (Япония)

Кыргызстандын атынан Жумабай уулу Даанышман, Нурлан Кулуев, Назар Маткеримов жана Роман Петров катышат.

17-22-июнь. Теннис боюнча жаштар арасындагы эл аралык мелдеш. Шымкент (Казакстан)

Мелдешке 10 өлкөдөн 80ден ашык спортчулар, анын ичинен кыргызстандык Кирилл Кистанов катышат.

18-26-июнь. "Леонид Юртаевдин кубогу" шахмат боюнча эл аралык мелдеш. Чолпон Ата (Кыргызстан)

Шахматтык турнир Кыргызстандын биринчи гроссмейстери Леонид Юртаевдин элесине арналат. Классикалык жана блиц шахматы боюнча мелдештер пландаштырылган.

19-июнь. Футбол боюнча АФК кубогу. D тобу, V тур. Ашхабад (Түркменистан)

"Алтын Асыр" (Түркменистан) – "Дордой" (Кыргызстан).

Бул топ этабындагы акыркынын алдындагы оюн. Мурдагы оюндарда "Дордой" төрт очко топтогон жана азырынча турнирдин кийинки баскычына чыгууга мүмүкнчүлүгү бар.

19-25-июнь. Дени соо улут – гүлдөгөн өлкө" республикалык мелдештер, финалдык этап. Ысык-Көл облусу.

Бул ар жылы өткөрүлүүчү мелдеш. Программада мелдешти тогуз туру бар, анын максаты – массалык спортту өнүктүрүү.

20-23-июнь. WPC Паэурлифтинги боюнча Борбордук Азиянын биринчилиги. Бишкек (Кыргызстан)

Турнир экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Биринчилик үчүн сегиз өлкөнүн өкүлдөрү күч сынашат.

22-23-июнь. Футбол. Кыргызстандын премьер-лигасы. 11-тур.

"Академия-Лидер" – "Алай",

"Кара-Балта" – "Абдыш-Ата",

"Нефтчи" – "Илбирс".

23-24-июнь. Бильярд боюнча Бишкектин ачык биринчилиги. Бишкек. Sun Club, 11.00.

Мелдеш эркин пирамида түрү боюнча өтөт. Өлкөнүн алдыңкы мастерлери күч сынашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД