Жакыр жашаган үй бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү сунуш кылынууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакыр жашаган үй бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү сунуш кылууда. Жардам катары төлөнүүчү сумманын өлчөмү 100 миң сомго жетиши мүмкүн. Токтомдун долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

"Социалдык келишимдин негизинде жакыр жашаган жана аз камсыздандырылган үй бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү" боюнча документке ылайык жакыр жашаган жана аз камсыздандырылган үй бүлөлөр бир жолку материалдык жардам ала тургандыгы жөнүндө убактылуу жобону бекитүү сунуш кылынууда. Бул долбоор 2019-жылдын 1-августунана 2022-жылдын 31-декабрына чейин убакыт аралыгында ишке ашырылат.

Мамлекет жардамды төлөп берүү үчүн жыл сайын 300 млн сом коротууну пландаштырууда.

Акча каражатын алуу үчүн жакыр жашаган үй бүлөлөр социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып жана социалдык келишимдин алкагында үй бүлө белгиленген милдеттерди ала тургандыгы боюнча министрлик менен макулдашуусу керек.

-Мисалы, үй бүлө жеке чарбасыннын ишин жөндөп кетет же чакан бизнес ачат, же болбосо үй бүлөнүн бир өкүлү кайрадан окуп, жумушка орношуп жана үй бүлөнү дайыма киреше киргизип туруу милдетин алат. Акча каражаты үй бүлөнүн активдүү ишке киришүүсү үчүн берилет, - деп өкмөттүн сайтында белгиленет.

Социалдык өнүгүү министрлигинин аткаминерлери акча каражатын алган үй бүлөнү бир жыл ичинде колдоп турушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД