КСДП Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча үн катты

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кече күнү, мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты ээлеп турган кезинде миллионер болду деген билдирүүсү, коомчулукта көптөгөн ойду жаратты. Мурдагы шаарбашчы өз сөзүнө далил катары, убагында шайлоолор алдында Атамбаевге көп суммадагы акча бергенин айтканы менен, эч бир Тил кат көрсөткөн жок.

-Мен 2011-жылга чейин Атамбаев миллионер болбогонун, президенттик кызматта турган кезинде гана байыганын айтайын дегем, - деп VB.KG редакциясына өзүнүн билдирүүсүн Түлеев түшүндүрүп берди.

Мурдагы шаарбашчынын сөздөрүнө түшүндүрмө берүү үчүн VB.KG редакциясы экс-президенттин тарапташтарынын КСДП өкүлдөрүнө кайрылганында:

-Биз Нариман Түлеевдин катына түшүндүрмө бербейбиз, - деп жооп берди КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, кече күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева мурдагы президентке бир нече жолу карызга акча бергени жөнүндөгү атасынын катын окуп берген.

"12-июнда Канатбек Исаев Атамбаевдин 2010-жылдан кийин мультимиллионер болгондугу жөнүндө айтты. Мен анын сөздөрүн толугу менен колдойм. 2011-жылы шайлоолор алдында Атамбаев мага 500 миң доллар акча берип туруу өтүнүчү менен кайрылган. Ал муну шайлоо компаниясын өткөрүүгө акча каражатынын жетишпей жаткандыгы менен түшүндүргөн. Шайлоо өтүп, Атамбаев жеңишке жетишкенден кийин мен ага карыз алган акчаны кайтарып берүүнү өтүнүп кайрылдым. Ошол күндөн баштап Атамбаевдин мага болгон мамилеси 180 градуска өзгөрдү", - деп жазган ал.

Анын мамилеси кандайча өзгргөнүн Түлеев төмөндөгүдөй жазган.

"2010-жылы декабрь айында Жогорку Кеңеште биз жеңил рейтинг боюнча премьер-министрди тандап жатканбыз. Анда мен, Бабанов, Равшан Жээнбеков жана ал болуп катышканбыз. Мен үчүн 26 добуш берилди. Мына ошондо президент Атамбаев мени такыр эле саясий сценадан алып, саясатчы жана ишкер катары жок кылууну чечти. Бул үчүн ал жана анын кошоматчылары мени катуу жазага тартып, үй бүлөмдүн жана көптөгөн туугандарымдын мүлктөрүн тартып алганга чейин барышты", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД