Турагентствонун алдамчылыкка шектелген кызматкери тергөө абагына киргизилди

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Турцияга олимпиадага баруучу мектеп окуучуларын турагентство алдап кетти" деген макалага жооп катары Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

18-июнда Бишкек шаарындагы Октябрь районунун ИИБ гражданка И.М. арыз жазып кайрылып, турагентствонун Жаннат аттуу кызматкери 2019-жылы 4-апрелде ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен Турциянын Анталия шаарына жолдомо алып берем деп 3 500 долларын алгандыгы боюнча чара көрүүнү өтүнгөн.

Ошол эле күнү ушундай эле арыз менен Октябрь районунун ИИБ төмөндөгү жарандар кайрылган:

Гражданка А.З. арыз жазып, 1978-жылы туулган кызын К. Бны турагентствонун кызматкерлери Турцияга Анталия шаарына жиберебиз деп, 38 миң 400 сомун алып, бирок, келишимди аткарбай кетишкендиги боюнча чара көрүүнү өтүнгөн.

Гражданин С.Н. кайрылып, турагентствонун кызматкери Жаннат андан Анталияда өтүүчү менталдык математика боюнча олимпиадага баруу үчүн 147 000 сом алгандыгын билдирген.

Гражданка А.А.К. арыз жазып, турагентствонун кызматкери алдамчылык менен андан 5 миң доллар алып, 1 900 долларын кайтарып бергендигин, ал эми калган сумма чет өлкөгө барууга сарпталат деп кайтарып бербей койгондугу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга окшогон арыздар менен дагы 11 жаран милицияга кайрылган. Булардын баардыгы Бишкек шаарындагы Октябрь районунун ИИБ Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (Алдамчылык) катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД