Жайкы эс алуу мезгилинде коопсуздук толугу менен камсыз кылынат

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга толугу менен даяр. Ысык-Көлдө жайкы курорттук сезон мезгилинде тартипти сактоо максатында ыкчам жана алдын-алуу иш чаралары өткөрүлдү. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

-Туризм – Кыргызстандын экономикасындагы келечектүү тармактардын бири экендиги белгилүү. Ошондуктан биз үчүн бүгүнкү күндө олуттуу маселелердин бири туристтик сезонду ийгилктүү өткөрүү болуп эсептелет. Ысык-Көл облусунун ИИББ жана Ысык-Көл районунун ИИБ кызматкерлеринин алдында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча өз милдеттерин так аткаруу маселеси турат, - деп белгиледи Усубакунов.

Облустун аймагында 212 курорттук-ден соолукту чыңдоочу жайлар бар, алардын ичинен 182 жай Ысык-Көл районунда орун алган. Ушуга байланыштуу Бостери айылдык милиция бөлүмүндө милиция курамынын күчүн жана каражатын багыттап туруучу убактылуу штаб түзүлгөн.

Жайкы туристтик сезон учурунда миңден ашык милиция кызматкерлери туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөшөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишине ыктыярдуу элдик дружина да тартылат.

Ысык-Көл районунун беш айылдык милиция бөлүмүндө келип түшкөн арыздануулар, кылмыш жана жоруктар боюнча өз убагында аракет кылуучу жана ыкчам кызмат көрсөтүүчү мобилдүү топ күзөткө тургузулат.

Ыкчам топтор түзүлүп, алар тарабынан эс алуу жайларында УКТ мүчөлөрүнүн таасирине жол бербөө үчүн ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, андан тышкары ыкчам иликтөө иштерине тажрыйбалуу милициянын адистери тартылат.

Ысык-Көл облусунун ИИББ жайкы туристтик сезонуна даярдануу жана аны өткөрүү мезгилинде маалыматтык материалдарды даярдап басмадан чыгарды. Алардын ичинде КР күч структураларынын ишеним телефондору, тез жардам көрсөтүү, күнү-түнү режимде иштеген бөлүмдөр боюнча маалымат берүүчү китепчелер жана буклеттер бар. Ошондой эле Ысык-Көл облусуна туристтерди тартуу үчүн, жайкы туристтик сезон учурунда туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча видеоматериалдар даярдалган.

Алардын бири менен сиздер VB.KG сайтынан тааныша аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД