УКМКнын абагында орун жетишсиз болуууда

УКМК абагында орун жетишсиз болууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Корруцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов абактын толуп калгандыгына байланыштуу тергөөдөгү Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду УКМК абагынан № 1 убактылуу кармоочу жайга которууну сунуштап сотко кат жазган.

Басма сөз кызматы УКМК абагына канча адам бата тургандыгы жөнүндөгү суроого, режимдин жашырындуулугуна шылтап түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, акыркы жылы УКМК абагына көптөгөн мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлер киргизилген. Алардын арасында Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов да болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Бишкек шаарынын мэри жана башка жогорку кызматтарды ээлеп турганында корруция жана башка кылмыш иштери боюнча айыпталып жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД