Оштогу "лөлүлөргө" кайырчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлд

Бүгүн, 21-июнда кайырчылыкка каршы иш алып баруу планынын ишке ашыруу алкагында Ош шаардык мэриясынын жумушчу комиссиясы Кара-Суу районундагы Нариман айыл байчылары менен бирге Ош шаарынын чет жагында этникалык цыгандар ("лөлүлөр") жашаган Жаңы-Айыл айылына барышты.

Комиссиянын курамына Ош шаарынын вице-мэри Кадыров, ИИБ, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун социалдык кызматынын өкүлдөрү, жаштар комитетинин,физкультура жана спорт комитетинин кызматкерлери киргизилди.

Айылдын тургундары менен кайырчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Этникалык цыгандар менен жолугушуу учурунда, мамлекеттик органдар жана муниципалдык ишканалар, уюмдар тарабынан бул жарандарды активдүү жашоого катыштырууга, кыска убакта адистик курстарда окутуп, кийин жумушка орноштурууга, коомдук жана социалдык процесстерге, шаардык жана спорттук иш чараларга катыштырууга көп күч жумшалып жаткандыгы белгиленди.

-Жакында Ош шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, биз кайырчылык жасагандарга карата комплекстүү иштерди жүргүзүүнү баштадык. Жарандардын кайрылуусу боюнча борбордук көчөлөрдүн кесилиштеринде, шаардын мечиттеринин жанында кайырчылык кылып отургандардын саны көбөйүп баратат. Ушуга байланыштуу кайырчылык жасоого карата чара көрүү боюнча иш чаранын планы бекитилди.

Пландын алкагында комплекстүү иштерди аткаруу үчүн, тиешелүү кызматтардын жана органдардын жетекчилери, өкүлдөрү менен бирге бул жерде жашаган этникалык цыгандарга келишти. Бул иштин аткаруу менен биз аларга социалдык жардам берүү, медициналык жана билим алуу чөйрөсүндө колдоо көрсөтөбүз.

Бизге белгилүү болгондой, Ош шаары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору болуп эсептелет. Мурдагы жылдарга салыштырганда Ошко келген туристтердин саны 2 эсе көбөйдү. Ушуга байланыштуу бизге келген меймандарды жогору деңгээлде тосуп алышыбыз керек. Ошондуктан кайырчылыкка тыйуу салуу максатында комиссия рейддик текшерүүнү баштайт. Бирок алардын максаты кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктоо гана эмес, мындай адамдарга керектүү социалдык жардам берүү болуп эсептелет, - деди вице-мэр.

Маалымат үчүн: Этникалык цыгандар (лөлүлөр) Ош шаарынын четиндеги Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл айылында жашашат. Бул селодо болжол менен 4,5 миң адам жашап, анын 70 пайызынын паспорту бар жана иш менен камсыз болушкан. Айылда ФАП жана мектеп бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД