Эртең Бишкекте мигранттар тынчтык акциясына чогулуша

Эртең Бишкекте мигранттардын "Мигрант үнү" лозунгу астында биринчи жолу тынчтык акциясы өткөрүлөт. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Замандаш" партиясынан билдиришти.

Маалымат боюнча, акция борборубуздагы М. Горький атындагы паркта өткөрүлүп, саат 11.00. башталат.

-Бул иш чарага АКШ, Турция, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн келишкен мигранттар катышат. Алар биздин мекендештерибиздин чет өлкөлөрдө туш келип жаткан көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришет. Тактап айтканда, алар кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө кандай шарттарда жашап жатышкандыгын айтышат. Акцияга Жогорку Кеңештин вице-спикери МИрлан Бакиров, фракциянын лидерлери жана мигранттар маселелери менен алектенген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууга убадаларын беришкен. Ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат, - деп билдиришти партия өкүлдөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД