Жол кырсыгы боюнча элчилик түшүндүрмө берди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык номерлүү унаа катышкан жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

-Американын элчилиги 18-июнда элчиликтин кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктын кесепетинен жабыркаган жаш жигитке тилектештигин билдирет. Авариядан кийин элчиликтин кызматкери унааны жолдун четине токтотуп, окуя болгон жердеги бийлик өкүлдөрү менен кызматташкан. Элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, анын саламаттыгын камсыздап, маселени чечүү үчүн жаш жигит менен байланышкан", - деп билдирет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

Бишкек шаарынын ЖКККББ маалыматы боюнча, 51 жаштагы аял "Лексус RX350" үлгүсүндөгү автомашинасын башкарып, жөө кишилер өтүүчү жерде өтүп бара жаткан 22 жаштагы студентти урдуруп алган. Бул жол кырсыгы 18-июнда саат 17.30. чамасында болгон. Жаракат алган жаш жигитти "Тез жардам" ооруканага жеткирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД