Казакстанда аскер бөлүктө жарылуу болуп, шаардын жашоочуларын көчүрүп жатыш

Бүгүн, 24-июнда Казакстандын Түркестан облусунун Арыс шаарынын аймагындагы аскер бөлүгүндө жарылуу болду. Окуя бүгүн, 24-июнда эртең мененки саат 9.20. чамасында катталганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Коргоо министрлиги кабарлагандай, алдын-ала маалыматтар боюнча, Арыс шаарына жакын жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампасында сакталган снаряддар жарылган.

Курман болгондор жана жабыр тарткандар боюнча так маалымат жок. 10 адам жарадар болгону белгилүү, айрым ММК жазганы боюнча 30 адам жараланган.

Шаарда массалык түрдөө калкты көчүрүү иштери жүрүп жатат. Туркестан облусунун акими Умирзак Шукеев элди тынчтанууга чакырды. Жергиликтүү бийликтер элди көчүрүү үчүн 50 автобусту алып келишти. Шаардын баардык жашоочуларын коопсуз жайга алып чыгуу пландаштырылууда – алардын саны 42 миңден ашык адамды түзөт.

Бирок, шаардын көпчүлүк жашоочулары бийликтин жардамын күтүп отурбастан, өздөрү эле шаарды калтырышууда. Жаңы жарылуулардан чочуган шаардыктардын кимдир-бирөөсү велосипед тээп жөнөнсө же калгандары жөө эле кетишүүдө.

Күндүзгү саат экилерде жаңы жарылуулардын видеосу пайда болду. Бирок, бийликтегилер бул маалымат боюнча түшүндүрмө берише элек. Бул абалды Казакстандын президенти Касым-Жомарт өз көзөмөлүнө алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД