Кыргызстанда автоунааларды каттоо арзандатылат

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап автоунааларды каттоо арзандатылып, алардын ээлери акча каражаттарын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул жөнүндө МКК басма сөз кызматы билдирди.

Автоунааны каттоо баасынын арзандашы, унааларды каттоо бланктарынын жергиликтүү "Мамбелгиси" компаниясы даярдай тургандыгы менен байланышкан.

-Жаңы келишимдин шарты боюнча бир бланктын баасы 192 сомду түзүп, мурдагы даярдоочулардын келишиминдеги баадан төрт эсе арзан болот, - деп билдирет МКК.

Мурда документтин бланкынын баасы автоунаа ээлери үчүн 10 еврону түзгөн.

Автоунааны каттоодон өткөрүү жөнүндөгү күбөлүктүн жаңы үлгүсү 2019-жылдын 1-августунан бериле баштайт.

МКК белгилегендей, "Мамбелгиси" компаниясы менен келишим тендер өткөрүлгөндөн кийин 14-июнда макулдашылган. Тендерде эки комапния "Учкун" АК жана "Мамбелгиси" ЖЧК катышып, акыркы көрсөтүлгөн компания арзаныраак бааны сунуштап, жеңишке жетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД