Канатбек Исаев: Эч кандай мушташ болгон эмес

Депутат Канатбек Исаев кесиптеши Бакытбек Жетигенов менен мушташкандыгы туурулуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул жөнүндө ал super.kg. басылмасына билдирди.

Айтымына караганда, анын парламентте жок болушунун себеби, чет өлкөгө барып келгендигинде экен.

-Эч кандай мушташуу болгон эмес. Биз бир аз айтышып кеткенбиз, бул учурда Малекеттик кайтаруу кызматынын өкүлү да бар болчу, анын көзүнчө мушташпайт элек да? Мен чет өлкөгө барып келдим, эгер ишенбесеңер – паспортумду көрсөстөйүн, - деди Исаев.

Эске салсак, мурда социалдык тармакта Facebook колдонуучусу Алмаз Темирбек КСДП депутаты Бактыбек Жетигенов кесиптеши Канат Исаевди катуу сабап салгандыгы жөнүндө жазып чыккан. Анын себеби, Исаевдин ЖК отурумунда экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу сунушун киргизип сүйлөгөнү болгон окшойт. Анын сунушун көпчүлүк депутаттар колдошкон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД