Эксперт: Апийим айдагандын ордуна картошка отургузган пайдалуу

Акыркы убактарда кайрадан Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка аймактарында апийим айдоо маселесин көтөрө башташты. Муну ишке ашырууну калкты арзан баадагы оорутпай турган дары менен камсыз кылуу сыяктуу себебин айтышууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Борбордук Азия наркобейтапкана борбору" КФ директору Александр Зинченко билдирди.

Ал 1974-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө дүйнөлүк апийим өсүмдүгүнүн 16 пайызы өстүрүлгөндүгүн эске салды.

-Анын үстүнө ал жогорку сапатта болуп, медициналык жана илимий максатта колдонулган. Ал кезде биздин республиканын айыл чарбасында – апийим өстүрүү тармагы илим менен да байланыштырылган. Ошол 1974-жылдан бери апийим айдоо токтотулган. Бирок, ушул кезге чейин ар кандай себептер менен апийим айдоону, республика үчүн жакшы максаттар менен колдонуу идеясы айтылып келүүдө. Азыр киргизилген санкцияларга байланыштуу, кайрадан апийим айдоону жана оорутпай турган дары менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп башташты, - деп Зинченко баса белгиледи.

Бирок бул маселени ишке ашыруу туура эмес, деп эсептейт эксперт.

-Биздин наркобейтапкана борборубуз 1991-жылдан баштап ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө. Өлкөбүз эгемендикти алгандан бери, көптөрү мамлекеттин материалдык базасын буга окшогон апийим айдоо маселеси менен бекемдөөнү сунуштап келишкен. Ошондо биздин жумушчу тобубуз, саясий жана экономика жагынан да картошка отургузуу пайдалуу болоорун тастыктаган. Ошол кезден бери бул тема бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок, апийим менен "элди дарылоону" колдонуу далилдери глобалдаштыруу жана жаңы коркунучтар толкунуна урунуп талкаланууда. Ошондуктан бул маселени жаңы чакыруулардын жана түзүлгөн жагдайлардын таасири астында кароо керек. Кайрадан кайталап айтайын, өздүк коопсуздугубуз үчүн апийим айдоого жол берүү такыр болбойт. Ал эми бул маселени көтөрүп жаткан адамдар, көпчүлүк учурда муну менен өздөрүнүн саясий капиталын жасоого аракет кылышууда, - деп Зинченко сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД