Мектеп окуучулары үчүн англис тили сабагынын сааты көбөйтүлөт

Билим жана илим министрлиги англис тилин үйрөнүү сапатын жогорулатуу үчүн Базистик окуу планын өзгөрттү. Бул жөнүндө бүгүн, англис тили мугалимдеринин конференциясында аталган мекеменин министри Гүлмира Кудайбергенова билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда билим берүү системасы ар бир баланы окутуу боюнча конституциялык кепилдигин аткарууга – бала бакчасынан баштап жалпы билим алуунун аягына чейин – мамлекеттик, расмий жана чет тилинин бири боюнча билим алуусуна багытталган.

-Кыргызстан үчүн чет тилин үйрөнүүдө 90% - англис тили болуп эсептелет. Ошондуктан акыркы жылдары Билим жана илим министрлиги үчүн тил үйрөнүү боюнча сабактарынын саясатын иретке келтирүү башкы маселелердин бир болуп саналууда. Башкысы болуп грамматикалык эмес, коомуникативдик мамиле болмокчу, тактап айтканда окуучулар үчүн биринчи кезекте байланыш түзүү, ал эми грамматиканы өздөштүрүү оозеки сүйлөө жана жазуунун туура формасын түзүүнү колдоо катары болуп калмакчы, - деп белгиледи Кудайбердиева.

Чет тилин сапаттуу үйрөнүү үчүн Билим жана илим министрлиги Базистик окуу планын өзгөртүп, англис тили боюнча сабактарды 5-класс үчүн беш саатка, 6-класс үчүн 4 саатка жана 7-класс үчүн 3 саатка чейин көбөйттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД