Депутат Жетигенов: Мен Исаевге бир маселени тактап алыш үчүн эле киргем

Депутат Бактыбек Жетигенов кесиптеши Канатбек Исаевди сабап салгандыгы тууралуу имиштерге түшүндүрмө берип, Багыт.kg басылмасына өз оюн билдирди.

Эл депутатынын айтымында, ал Исаевдин иш бөлмөсүнө бир маселени тактап алыш үчүн эле кирген.

-Бизди душман катары көрсөтүү кимге керек экендигин билбейм. Биз мушташканыбыз жок, мен ага бир маселени тактап алыш үчүн эле киргем, ортобузда эч кандай түшүнбөстүк жок, - деди Жетигенов.

Сиз мурда Атамбаевди колдоп жүрчү элеңиз, бирок, анын кол тийбестигин алып салуу үчүн добуш бердиңиз. Мунун себебин түшүндүрүп бере аласызбы?

-Түзүлгөн жагдайга жараша көпчүлүк саясатчылардын пикири өзгөрүлүп турат. Ооба, сиз туура айттыңыз, убагында мен Атамбаеди колдоп жүрчүмүн, бирок, биздин акыркы жолугушуубузда мен ага азыркы бийликти колдой тургандыгымды түз эле айттым. Буга карата ал "Өзүң бил" деди. Ачыгын айтканда, эч кандай талашып-тартышып отурбай өз көз карашыбызды түшүнүштүк. Эми менин туура айтканымды убакыт көрсөтөт, - деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, мурда социалыдк тармакта Интернет колдонуучусу КСДП депутаты Бактыбек Жетигенов кесиптеши Канат Исаевди катуу сабап салгандыгы жөнүндө жазып жиберген. Анын себеби Исаевдин экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу демилгесин көтөрүп парламентте сүйлөгөнү болгон окшойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД