Бишкектик 3-класстын окуучусу сандарды дүйнөдө баарынан тез эсептейт

Кече жакында турциялык Анталья шаарында болуп өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадада бишкектик № 13 гимназиянын 3-классынын окуучусу Артем Меркин чемпиондук кубогун жеңип алуу менен, ага улай уюштурулган таланттуулар жана менталдык эсеп шоусунда ийгиликке жетишти.

Бул олимпиадага 16 өлкөдөн баардыгы болуп 600 бала катышты.

Артем Меркин өзү үчүн Бишкекте көркөмдөлүп тигилген улуттук кийимди кийип, кыргыздардын байыркы урма аспабы добулбасты кагып музыкалык номер аткарып, ошол эле учурда 1464 – 1159 +2349 +1580 +1333 канча болот деген сыяктуу татаал эсептерге, бир нече секунд ичинде: 5567 – деген жоопту берди.

Артемдун Антальядагы жеңиши менен Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоков Стамбулдан атайын учуп келип кууттуктады.

"ВБ" маалыматы: Менталдык арифметика – балдарга билим берүүнүн эң бир жаш жана келечектүү методикасы болуп эсептелет. Дүйнөдөгү 50 өлкөдө оозеки эсептөөнү үйрөтө турган беш миңге жакын билим берүү борорлору бар. Бул планда эң активдүү болуп АКШ, Австрия, Канада, Австралия, Таиланд, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн мектептери эсептелет. Мындай атайын борборлор Россияда, Казакстанда жана Кыргызстанда да ачылууда.

Артем Меркин ушундай менталдык ариметика боюнча атайын мектептердин бири № 13 гимназияда жана Шубин атындагы музыкалык мектепте окуйт.

Аретем мындан тышкары да үч жолу жеңишке жетишкен – 2017-жылы Бишкекте өткөрүлгөн шаардык олимпиданын жеңүүчүсү, Алматы шаарындагы эл аралык олимпиаданын чемпиону жана Кыргызстандагы "жеңиштин жеңүүчүсү" республикалык олимпиадада утуп алган. 2018-жылы "жеңүүчү - жеңүүчүлөрдүн жеңүүчүсү" эл аралык олимпиаданын чемпиону, Дубайдагы дүйнөлүк олимпиаданын чемпиону, Кыргызстандагы республикалык олимпиаданын чемпиону жана Куала-Лумпурда өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду жеңип алган.

2019-жылы Астана (Нур-Султан) эл аралык олимпиадасынын "жеңүүчүсү – суперчемпион" жана Сочи шаарындагы Менталдык оюндардын эң маанилүүсү болуп эсептелген олимпиаданын жеңүүчүсү болгон.

Бул жөнүндө маалыматты кененирээк "Вечерний Бишкек" гезитинин жакында чыга турган номеринен окуйсуздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД