Бишкекте үч автоунаа катышкан жол кырсыгы болду

Бишкекте түн ичинде үч автоунаа катышкан жол кырсыгы болду. Бул жөнүндө борбордун ИИББ билдирди.

27-июнда түнкү саат 00.10. чамасында "Тоyota 4Ranner" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу А.Токомбаев көчөсү менен бара жатып "Sенатоr" кафесинин алдында айдоочу А.О. башкарган "ВМW 525" унаасы менен кагышкан. Ошол эле учурда үчүнчү автоунаасынын айдоочусу "ВМW 545" унаасы менен кагылышуудан качып, жолдун четине чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган "ВМW 525" унаасынын айдоочусу К.К. Бишкек шаардык ооруканага жеткирилди.

Ал эми унаалар айып короого токтотулуп, чогулган материалдар Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД