Сосиска жеп ууланган баланын апасынын арызына түшүндүрмө берилди

"Элдик жаңылыктар" рубрикасында мурда жарыяланган "Ош базарында сатылып алынган сосискага ууланган бала" жөнүндөгү жаңылык боюнча, "Риха" компаниясы арыздануучунун сөздөрүн төгүнгө чыгарып, төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"Риха" ЖЧКсы өзү жасап чыгарган азыктардын сапаттуулугу боюнча жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алат. Ишкана FSSC 22000 системасы боюнча сертификат алган, өндүрүш катуу көзөмөлгө алынган, алынып келинген жана жасалып чыгарылган азыктар лабораторияларда текшерүүдөн өткөрүлүп турат.

Бишкек шаарынын жашоочусунун арыздануусу боюнча "Риха" ЖЧКсы билдиргендей, Ош базарынын аймагында, анын ичинен "Берекет Универсалда" фирмалык точкасы жок. Бирок, көптөгөн соода точкалары биздин азыктар менен соода жасашат.

Биз өндүрүүчүлөр катары азыктын маркировкасынын талабын сактайбыз жана керектөөчүлөр үчүн упаковкада баардык маалыматты, мөөнөтү жана сактоо режимин көрсөтөбүз.

Сосиска жөнүндөгү арыз боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө беребиз: Жабыр тартуучудан компаниянын дарегине эч бир даттануу түшкөн жок, азыктын лабораториялык текшерүүдөн өткөндүгү жана баланын уулангандыгы боюнча медициналык корутунуду дагы көрсөтүлгөн жок. Өндүрүлүп чыгарылган азыктын кичине партиясы 50 кг жана сосискадан уулангандыгы боюнча башка керектөөчүлөрдөн даттануулар болгон эмес. Анын үстүнө сатып алуучу билдиргендей, ал сосисканы сатып алган кезде электр жарыгы жок болгондугун айткан, ал эми биз чыгарган азык муздаткычка салынбаган учурда, тез бузула турган азыктардын катарына кирет.

Ошондуктан Санэпидемстанцияны ошол соода точкасын инспекциялык көзөмөлдөн өткөрүүнү суранабыз. Анткени "Риха" ЖЧКсы жабыр тартуучунун кайсы соода точкасынан азыкты сатып алгандыгы жөнүндө маалыматы жок туруп, өзү текшерүү ишин жүргүзө албайт.

Биз кыска убакыттын ичинде бул маалыматты төгүнгө чыгарууну абдан өтүнөбүз жана анын жыйынтыгы боюнча бизге билдирип коюуну суранабыз".

Өз кезегинде VB.KG редакциясы "Элдик жаңылыктар" рубрикасы Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн суроо-талаптарын,даттанууларын жазып туруусу үчүн ачылгандыгын окурмандардын эсине салат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД