Сабалган балдар боюнча иш милициянын жана коомдук фонддун көзөмөлүнө алынды

Гүлзат Жумакова менен анын балдарына юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт. Бул жөнүндө "Баланын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

-Мен ИИМ жана МКК билдирүү жибердим. Азыр алар качан жоопту беришерин күтүп жатам. Бизден жана Бишкек мэриясынын балдарга жардам көрсөтүү борборунун атынан бул үй бүлөгө жактоочу жана психолог жардам көрсөтүшөт, - деди Назгүл Турдубекова.

Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, балдар аянтчасында ойноп жаткан балдардын сабалгандыгы боюнча иш Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 65-беренеси боюнча катталган. Тартип бузуучуга бул берене боюнча 40 миңден 60 миң сомго чейинки штраф же 40 сааттан 60 саатка чейинки коомдук иштерди аткаруу жазасы каралган.

Эске салсак, Гүлзат Жумакованын 9 жана 10 жашташгы балдарын, инисине болушкан кошуна сабап салгандыгын айткан. Азыр жаракат алган балдар Бишкектин клиникалык ооруканасына жаткырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД