Бишкектик жаранды автоунаасы менен урдуруп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте түн ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болгон. Бул жөнүндө ЖККББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-июнда саат 4:30 чамасында белгисиз унаанын айдоочусу Травматология жана ортопедия улуттук илимий изилдөө борборуна азият улутундагы жаранды алып келип берип, кайра качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калды. Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында саат 07:00 чамасында "ВАЗ 21074" үлгүсүндөгү автоунаа Сокулук районунун аймагынан табылган. Андан кийин анын айдоочусу 31 жаштагы А.Э. аныкталган.

Автоунаа айып төлөөчү жайга киргизилип, тиешелүү документтер Бишкек шаарынын ИИББ өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД