Санкт-Петербургда 22 жаштагы кыргыз жараны набыт болду

Кыргызстандан барган мигрант Ленинград облусунун Выборгск районунда (РФ) көп кабатту үйдөн кулап кетип каза болду. Бул жөнүндө россиялык ММК билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 28-июнда көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан жерде болгон.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча, Выборг шаарындагы Ленин көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн курулушунда жумушчу кулап кеткендиги жөнүндө кабар кечки саат 8.00. чамасында келип түшкөн.

Жаш жигит алган жаратынан улам, "Тез жардам" келгичекти каза болуп калган.. Эмгек мигранты 22 жашта болгон, ал Петербургда убактылуу катталып, жумуш иштөөгө уруксат алган.

Учурда окуянын себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД